7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Эйр Манас» авиакомпаниясы жаңы Airbus 220 учагынын бет ачарын өткөрдү

698

Бүгүн, 26-апрелде «Эйр Манас» жаңы Airbus 220 учагынын бет ачарын өткөрдү.

Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен «Airbus А220» үлгүсүндөгү жаңы учакты презентациялаган биринчи өлкө болуп калды. Жаңы учак ички жана эл аралык каттамдарда, анын ичинде КМШ өлкөлөрүнө жана Чыгыш Азияга барууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Маалыматка ылайык, бул жаңы аба лайнерлеринин экипажын жана техникалык кызматкерлерин даярдоо үчүн «Эйр Манас» Франкфурт менен Цюрихте атайын окуудан өткөн.

Компаниянын билдиришинче, ушул типтеги авиалайнерлер күйүүчү майга болгон чыгымды азайтат жана азот кычкылынын бөлүнүп чыгышын учурдагы стандарттардан 50%га төмөндөтөт.

Компания авиапаркын жаңыртуу Кыргызстанга Европа Бирлигинин кара тизмесинен чыгууга мүмкүндүк берет деп үмүттөнөт. Ошол эле учурда «Эйр Манас» авиакомпаниясынын баа саясаты өзгөрбөйт.

Бул учактар ​​Азияда, Америкада, Европада жана Африкада ийгиликтүү иштетилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

699