7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барды

4

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, Азербайжан Республикасына иш сапары менен барды.

Мамлекет башчысынын учагы Баку шаарындагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Азербайжандын саламаттыкты сактоо министри Теймур Мусаев жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Иш сапарынын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Баку шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форумунун (WUF13) 13-сессиясынын ишине катышат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын форумга катышуусу өлкөнүн туруктуу инфраструктура, “жашыл”энергетика жана экологияга багытталган шаарларды өнүктүрүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкка умтулуусун айгинелейт.

Өлкө ошондой эле ыңгайлуу жана коопсуз шаардык мейкиндиктерди түзүү үчүн тажрыйба алмашууга жана эл аралык мыкты практикаларды ишке киргизүүгө даяр экенин көрсөтүүдө.

 

 

5