7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Энелер күнү: Ала-Тоо аянтында ачык асман алдындагы музыкалык кече өттү

248

Бүгүн, 2026-жылдын 17-майында, Ала-Тоо аянтында Энелер күнүнө арналган ачык асман алдындагы музыкалык кече өттү.

Борбор калаанын тургундары жана коноктору Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын үйлөмө аспаптар оркестринин аткаруусундагы музыкалык чыгармалардан ырахат алышты.

Концерттик программада эл аралык жана ата мекендик репертуардан белгилүү чыгармалар, анын ичинде Gipsy Kings — «Bamboleo», Ron Sebregts, ABBA GOLD, Bruno Mars — «Uptown Funk», Leonid Friends — «In the Stone», «Кара-Жорго», «Праздничная увертюра» жана башка популярдуу чыгармалар аткарылды.

Майрамдык кечеде Кубаныч Алиев, Бакыт Ыбыкеев, Кайрат Примбердиев, Замир Арыкбаев жана Съездбек Искеналиев шаар тургундарына майрамдык ыр десте сунушту.

Белгилей кетсек, энелер күнү жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.

 

249