2026-жылдын 16-майында Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан «Ак-Өргө» конушундагы Б. Алыкулов көчөсүндө муниципалдык аймакты бошотуу иштери жүргүзүлдү.
Демонтаж иштеринин жүрүшүндө төмөнкүлөр алынган:
• даараткана — 7 даана (50 чарчы метр);
• капиталдык курулуштан тосмо — 60 м;
• жеңил конструкциядагы тосмолор — 40 м;
• тор тосмолор — 250 м;
• бастырма — 18 чарчы метр;
• темир торлор — 20 м;
• дарбазалар — 3 даана;
• бетон тосмолор — 10 даана.
Жалпысынан 2732 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду.
Учурда демонтаж иштери улантылууда. Жер тилкелеринин чегинен чыгып, муниципалдык аймакты ээлеп алган жарандарды өз ыктыяры менен ээлеген жерлерин бошотууга чакырабыз.
Белгилей кетсек, бул аймак жашылдандырылып, тротуардын эки тарабына бак-дарактар отургузулуп, тургундардын ыңгайлуу жүрүүсү үчүн көрктөндүрүлөт.



