7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда электр тармактарын чыңдоо боюнча 5 ири долбоор ишке ашат

118

2026-жылы Жалал-Абад облусунда электр менен камсыздоону чыңдоо максатында 5 ири долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Төмөндө долбоорлор тууралуу кыскача маалымат:

  1. «Бакай» көмөк чордонунун курулушу. Манас шаарындагы калктын өсүшүнө байланыштуу кубаттуулугу 110/10 кВ болгон жаңы объект жыл аягына чейин курулуп, жаңы базар, автобекет жана конуштарды туруктуу жарык менен камсыздайт.
  2. Үч-Терек бөлүмүнүн имараты. Токтогул РЭТинин 1989-жылы курулган эски имаратынын ордуна заманбап административдик комплекс салынып, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында пайдаланууга берилет.
  3. Кербен бөлүмүнүн имараты. Аксы РЭТинин 1969-жылдан бери оңдолбогон эски имараты толугу менен жаңыртылып, жыл аягына чейин ишке кирет. Каржылоо «Кыргызстан улуттук электр тармактар» ААКтын өздүк каражатынан жүргүзүлүүдө.
  4. «Кристалл – Юлдуз» линиясын жаңылоо. Эл аралык «REMIT» долбоорунун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы маанилүү транзиттик роль ойногон, узундугу 18 чакырым болгон 220 кВ электр берүү линиясы модернизацияланып, жоготуулар азайтылат.
  5. «Төрөбаев» жана «Кристалл» көмөк чордондорун модернизациялоо. «REMIT» долбоорунун алкагында эки ири объектте тең жабдуулар, өчүргүчтөр жана автоматика тутумдары толук жаңыланат. Алсак, «Төрөбаев» көмөк чордонундагы эки автотрансформатордун кубаттуулугу 125 МВАдан 200 МВАга чейин жогорулатылат.

«Бул долбоорлор аяктагандан кийин облустагы техникалык жоготуулар азайып, калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү кеңейет», — деп айтылат маалыматта.

119