Жүк ташуучу унаанын айдоочусу мас абалында 7 жеңил унааны сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек шаарынын МККБнын басма-сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-май күнү болжол менен саат 13:30 чамасында 1972-жылы туулган Б. Р. К. аттуу айдоочу Mercedes-Benz Actros үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны башкарып бара жатып, Фрунзе көчөсү менен Абакан көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгын жасап, 7 жеңил унаа менен кагышкан.
Жол кырсыгы боюнча тиешелүү материалдарды тариздөө учурунда айдоочу өзүн туура эмес алып жүрүп, милиция кызматкерлерине жана башка жарандарга карата одоно сөздөрдү айткан. Наркологиялык кызматтын дарыгер-эксперттери анын спирт ичимдиктерин ичкендигин тастыкташты.
Аталган айдоочу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесинин («Майда бейбаштык») негизинде Бишкек шаарынын ИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Жол кырсыгы боюнча бардык зарыл болгон тергөө иш-чаралары башталып, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



