7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров дары чөптөрдү өстүрүү мыйзамына кол койду

223
Дарылыгы бар чөптөрдү өстүрүүгө, кайра иштетүүгө жана пайдаланууга уруксат берген мыйзамга мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду. Документ президенттин сайтына жарыяланган.
«Жеке жана юридикалык жактар дары өсүмдүктөрүн (валериана, теңге гүл, шалфей, шафран, ферула, аконит, арнебия, кызгылт родиола, мыя, чычырканак, ит мурун, бөрү карагат, кийик от, ромашка, сары чай чөп, лаванда) өндүрүштүн айыл чарба ыкмасы менен культивациялоо жана өстүрүү боюнча иш жүргүзүү укуктарына ээ болот», — деп маалыматта жазылган.
Ал эми уу коргошунду там-таштын жана социалдык объектилердин жанына отургузууга болбойт.
Мыйзамдарда каралган талаптарга ылайык, дарылыгы бар жапайы чөптөрдү айыл чарба өндүрүшүнүн шарттарында культивациялоо жана өстүрүү үчүн пайдаланууга жол берилет деп белгиленүүдө.
Экономиканын агроазык-түлүк секторун өнүктүрүү үчүн заманбап техника жана инновациялык технологиялар аркылуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору менен гибриддери чыгарылып, валериана, теңге гүл, шалфей, шафран, ферула, уу коргошун, арнебия, кызгылт родиола, мыя, чычырканак, ит мурун, бөрү карагат, кийик от, ромашка, сары чай чөп жана лаванда сыяктуу дары өсүмдүктөрү өстүрүлөт дешти.
224