Дарылыгы бар чөптөрдү өстүрүүгө, кайра иштетүүгө жана пайдаланууга уруксат берген мыйзамга мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду. Документ президенттин сайтына жарыяланган.
Ал эми уу коргошунду там-таштын жана социалдык объектилердин жанына отургузууга болбойт.
Мыйзамдарда каралган талаптарга ылайык, дарылыгы бар жапайы чөптөрдү айыл чарба өндүрүшүнүн шарттарында культивациялоо жана өстүрүү үчүн пайдаланууга жол берилет деп белгиленүүдө.
Экономиканын агроазык-түлүк секторун өнүктүрүү үчүн заманбап техника жана инновациялык технологиялар аркылуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору менен гибриддери чыгарылып, валериана, теңге гүл, шалфей, шафран, ферула, уу коргошун, арнебия, кызгылт родиола, мыя, чычырканак, ит мурун, бөрү карагат, кийик от, ромашка, сары чай чөп жана лаванда сыяктуу дары өсүмдүктөрү өстүрүлөт дешти.