Бишкек шаарында салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча XX юбилейлик эл аралык “Оймо-2026” фестивалы өтөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалым болгондой, иш-чара 27-31-май күндөрү болот. Быйылкы фестиваль “Дүйнөлүк маданий мурас: салттар, кол өнөрчүлүк, мурастуулук” темасында өткөрүлөт.
Фестивалга Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана дүйнөнүн башка аймактарынан 150дөн ашуун кол өнөрчү, дизайнер, сүрөтчү жана креативдүү кесиптердин өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.
Анын алкагында мастер-класс, конференция жана ачык талкуулар уюштурулат.
Иш-чара 31-май күнү эл аралык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи, мода көргөзмөсү менен жыйынтыкталат.
Фестиваль Курманжан датканын эстелигинин жанындагы аянтта, Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде өтөт.



