7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда Starlink спутник интернети ишке кирди

9

Кыргызстанда Starlink компаниясынын спутник интернет кызматы иштей баштады.

Starlink сайтындагы дүйнөлүк картада Кыргызстандын аймагы активдешти. Мындан тышкары, сайтта «Кыргызстан» баракчасы кыргыз жана орус тилдеринде ачылып, анда тармак жана кардарлар ала турган кызматтар тууралуу маалыматтар берилген.

Starlink — бул Илон Масктын «SpaceX» компаниясы түзгөн глобалдык спутник интернет системасы. Ал төмөнкү орбиталык спутниктердин желеси аркылуу алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарды жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылат.

Терминал спутниктер менен автоматтык түрдө байланышып, 50дөн 220 Мбит/с чейинки жүктөө ылдамдыгын камсыздайт. Комплектинин курамына антенна (тарелка), роутер жана кабелдер кирет.

10