7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин бир гана коомдук кеңешчиси бар: Расмий билдирүү жарыяланды

6

 «Президенттин коомдук кеңешчиси» жана «Президенттин коомдук жардамчысы» деген кызматтарда учурда Кыргызстандын жарандарынан эч ким жок. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасына жазды.

Ал мындай билдирүүнү акыркы убакта айрым тараптардын тигил же бул адамды «Президенттин коомдук кеңешчиси» же «Президенттин коомдук жардамчысы» деп атап жаткандыгына байланыштуу жазганын белгиледи.

«Эске салсам, президент Садыр Жапаров милдеттерин коомдук башталышта аткарып жаткан кеңешчилери менен жардамчыларынын бардыгын 2024-жылы сентябрда президенттин администрациясын реформалоо жана башкаруунун натыйжалуулугун арттыруунун алкагында бошоткон (коомдук башталыштагы 7 жардамчы жана коомдук башталыштагы 19 кеңешчи). Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси — Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао гана (санариптик активдер жана блокчейн технологиялары маселелери боюнча)», — деп жазды ал.

7