7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эртай Искаков: “F1 Ысык-Көлгө зыян эмес, мүмкүнчүлүк алып келет”

110

Ысык-Көлдө өтө турган F1 форматындагы спорттук иш-чара коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Бул тууралуу жарандык актвист Эртай Искаков билдирди.

Ал белгилегендей, «экология министрлиги менен ӨКМ өкүлдөрү F1 форматындагы спорттук иш-чара боюнча жеринде тактоо жүргүзсө, коомчулук үчүн пайдалуу болмок». Анткени бул дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өткөрүлүп келген, эл аралык экологиялык талаптарга жооп берген спорттук мелдеш экени айтылууда.

Маалыматка ылайык, коопсуздук эрежелери толук сакталган шартта мындай техникалык спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынбайт. Расмий жооптордо 4 тактылуу кыймылдаткычтарга уруксат берилгени жана учурда Ысык-Көлдө алардын миңден ашыгы колдонулуп жатканы белгиленген.

«Ошондой эле F1 форматындагы 24 катер 3 күндүк мелдеш үчүн келип, мыйзам чегинде атайын бекитилген терең булуңда жарыш өткөрөрү маалымдалды. Уюштуруучулардын билдиришинче, ар бир катер автоматтык коопсуздук жаздыгы менен жабдылган. Өзгөчө кырдаал жаралса, система айдоочуну коргоп, катерди суу бетинде кармап калууга жардам берет. Коомдук активисттердин айтымында, иш-чаранын алдында аймак тазаланып, суу алдындагы таштандылар водолаздар тарабынан чыгарылып жатат. Мындан тышкары, бак-дарактар отургузулуп, экологиялык иштер жүргүзүлүүдө. Уюштуруучулар мелдештен кийин аймак мурдагыдан да таза жана жашыл абалда каларын белгилешүүдө. Бул талаптар келишимде жана UIM 2026 кодексинде көрсөтүлгөнү айтылды»-, деп жазган Искаков.

 

111