«Кумтөр Оперейтинг Компани» жабык акционердик коомунун 100 пайыз акциясы «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомуна өткөрүлдү.
Тийиштүү чечим Тоголок алтын кенин өздөштүрүү жана Жангарт аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан «Кумтөр Оперейтинг Компанин» маселелери боюнча ыкчам чечим кабыл алуу максатында кабыл алынды.
Белгилей кетсек, буга чейин жабык акционердик коомунун жалгыз акционери «Кыргызалтын» ачык акционердик коому болгон.
Тоголок алтын кени 1978-жылы ачылып, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жолу катаал бийик тоолуу аймагында жайгашкан. Учурда Тоголок кенинде толук кандуу тоо-кен иштери башталып, биринчи рудалар 2026-жылы казылып алынат. Муну менен катар, «Кумтөр Оперейтинг Компани» келечектүү Жангарт аянтында геологиялык чалгындоо жана бургулоо иштерин жүргүзүүдө. Тоголок кенин өздөштүрүү 10-15 жылга эсептелген жана ал эки этап менен ишке ашырылмакчы.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



