2026-жылдын 1-июнунан тартып Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолу туристтик сезонго байланыштуу убактылуу пайдаланууга берилет.
Учурда жолдун коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргызавтожол-Түштүк мамлекеттик ишканасы тарабынан кооптуу тилкелерде тазалоо, калыбына келтирүү жана жолду жүрүүгө даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Жолчулар күнү-түнү иш алып барып, жолдун коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл иштерди аткарууда.
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Тариел Жаныбеков тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте жолдун абалын жеринен текшерип, аткарылып жаткан иштер менен таанышты. Текшерүүнүн жүрүшүндө жолду ачууга даярдык жана коопсуздук чаралары каралды.
Транспорт каражаттарынын өтүүсүнө 2026-жылдын 1-июнунан тартып күн сайын эртең мененки саат 06:00дөн кечки саат 20:00гө чейин уруксат берилет.
Айдоочулардан жол эрежелерин так сактоону, жол белгилерине көңүл бурууну жана кооптуу тилкелерден өтүүдө этият болууну сурайбыз!



