7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Облустук жетекчилер 11-майдан тарта жергиликтүү калк менен жолугушат

2
Облустук деңгээлдеги жетекчилер үстүбүздөгү жылдын 11-майынан тарта ар бир айыл өкмөттө жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрө баштайт. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров фейсбуктагы баракчасына билдирди.
«Урматтуу кыргызстандыктар! Облустук деңгээлдеги жетекчилер үстүбүздөгү жылдын 11-майынан тарта ар бир айыл өкмөттө жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрө баштайт. Жалпыга маалым, жакында эле Ош облусуна иш сапар менен барып, шаардын жана облустун жети районунун тургундары менен жолугушуп келдим. Эл менен болгон жолугушууларда байкаганым, тургундар көтөргөн маселелердин 80 пайызы райондук, облустук деңгээлде чечиле турган маселелер экен. Калган 20 пайызы гана мектеп, таза суу, стратегиялык маанидеги жолдорду салуу өңдүү республикалык бюджеттин колдоосун талап кылган маселелер болду.
Өзүңүздөр күбө болгондой, көпчүлүгү жергиликтүү деңгээлде эле чечиле турган маселелер: социалдык жардам, үй салууга жер тилкесин берүү, документтерин калыбына келтирүү, мүлккө болгон укуктардын корголушу, “айыл өкмөт, аким, мэр укпай койду, адилетсиз камап койду” деген өңдүү ж.б. даттануулар. Алар ошол эле айыл өкмөт, ал болбосо район акими, анын алы жетпесе облустардагы менин өкүлдөрүм – губернаторлор тарабынан чечилчү маселелер экен. Эми менин тапшырмам менен облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүм баш болуп, облустук деңгээлдеги прокуратура, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү жана башка мекеме жетекчилери ушул бекитилген графикке ылайык, ар бир айыл өкмөттү кыдырып, жеринде жолугушууларды өткөрүп, элдин көйгөйлүү маселелерин карашат.
Май-июнь айларында айыл өкмөттөрдөгү ар бир жолугушуу УТРК, ЭлТРдин облустук эфирлеринде жана соцтармактагы баракчаларында түз алып көрсөтүлөт. Түз эфирлерди убактыма жараша өзүм көрүп турам. Октябрь-ноябрда ушундай эле форматтагы жолугушуулар ар бир айыл өкмөттө кайрадан кайталанат. Анда дагы түз эфир уюштурулат. Ошондо май-июнда жарандарыбыз тарабынан айтылган маселелер чечилдиби-жокпу билинет.
Ушул жерден жергиликтүү жетекчилерге да кайрыла кетейин. Ош облусуна болгон сапарымда калк тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн басымдуу көпчүлүгүн сиздердин деңгээлде эле чечип койсо боло турганына көзүм жетти. Албетте, айлап-жылдап чечилбей келаткан маселелер да болушу мүмкүн. Талаштуу маселе болсо, жоопкерчиликти жалгыз алуудан тайсалдап жатсаңыздар жеринде тараптардын жүйөөлөрүн угуп, өз ара кеңешип, калыс карап, адилет чечип бериңиздер. Бирок эптеп эле шылтоо таап, борборго жүктөп коюу аракети суу кечпей турганын алдын ала эскертемин! Жазында айтылган көйгөй айтылган боюнча күзгө чейин чечилбей калып кете турган болсо, таарынбаңыздар.
Губернатор баш болуп, ошол маселеге тиешеси бар бардык жетекчилер жоопкерчиликке тартыласыздар. Биз силерге үмүт артып, макулдугуңуздарды алып, элге ак кызмат кылуу менен ошол аймакты өнүктүрүүгө акыл дарамети, уюштуруучулук жөндөмү жетет деген ишеним менен ишке коюп жатабыз. Биздин ишенимди актабай, ошол жерди, ошол элди өнүктүрүүгө далалат кылбай, көптүн бири болуп басып жүрө бере турган болсоңор, албетте чара көрүлүшү кажет. Бул – менин да, элдин да жана азыркы мезгилдин да талабы. Ошондуктан жолугушууларда айтылган көйгөйлөргө кол шилтеп, көңүл кош карабай, тез-тез чечкиле! Жоопкерчилик алуудан качпагыла!
Баарыңыздар: Айыл өкмөт башчысынан тартып, аким, облус жетекчиси жана бардык министрликтердин жергиликтүү деңгээлдеги кызматкерлери “элге кызмат кылабыз” деп келгениңиздерди эстен чыгарбаңыздар! Күздөгү жолугушууларда май-июнда айтылган көйгөйлөрдүн чечилбей калгандыгынын себептерин: жергиликтүү деңгээлде чечсе болот беле же болбойт беле деген жагдайларын да териштирип карайбыз. Эгер чындап эле облустук деңгээлде чечилбей турган болсо, анда бир жөн, анда маселени Президенттик Администрацияга же Министрлер Кабинетине жолдойсуздар. Дагы бир жолу баса белгилейм, чечилбей турган маселе жок. Жеринде чечкиле. Анда эмесе сиздерден жыйынтык күтөм.
Урматтуу мекендештер! Сиздер дагы бекитилген графиктерге көз салып, ар бириңиздер өзүңүздөрдүн айыл өкмөттөгү жолугушуулардын качан, кайсыл жерде өтөрүн төмөнкү тизмеден карап, барып катышып, көйгөйлүү маселеңерди айтыңыздар. Ал жакка барганда зарыл кагаздар болсо аларды жаныңыздарга алып алып, жолугушууга келген жетекчилерге көйгөйлөрүңөрдү так айтып, чечип алыңыздар. Жолугушуулар түз эфирде көрсөтүлөрүн эске алуу менен, тартипти сактап, маданияттуу болуңуздар»,- деди өлкө башчы.
3