7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коомдук жана мамлекеттик ишмер Мыктыбек Абдылдаев 73 жашында дүйнөдөн кайтты (Некролог)

9

Коомдук жана мамлекеттик көрүнүктүү ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир нече чакырылышынын депутаты, милициянын генерал-лейтенанты Абдылдаев Мыктыбек Юсупович 73 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Мыктыбек Юсупович Абдылдаев 1953-жылдын 17-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында туулган.

1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, 1989-жылы СССРдин Ички иштер министрлигинин академиясын бүтүргөн. 1999-жылы юридика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.

Өмүр жолун мамлекетке жана элге кызмат кылууга арнаган Мыктыбек Абдылдаев ички иштер органдарында жооптуу кызматтарды аркалап, кесиптик жактан чоң жолду басып өткөн. Ал 1985–1990-жылдары Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары, 1991–1994-жылдары аталган башкармалыктын начальниги болуп иштеген.

Ар кайсы жылдары Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары жана биринчи орун басары (1994–2001-жж.), Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институттун директору (2001–2002-жж.), Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы (2002–2004-жж.) кызматтарын аркалаган.

2004-жылдын октябрынан 2005-жылдын 23-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун милдетин аткаруучу болуп иштеп, 2005-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

2006-жылдын 17-майынан 2007-жылдын 13-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси кызматын аркалаган.

2010-жылдын октябрь айында «Ата-Журт» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2023–2025-жылдары Кыргыз Республикасынын Элдик курултайынын Катчылыгын жетектеген.

Мыктыбек Юсуповичтин мамлекеттик жана коомдук ишмердиги жогору бааланып, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. Ал I даражадагы «Аскердик каармандык эмгеги үчүн» медалы, I даражадагы «Күжүрмөн кызматы үчүн» медалы жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын «Шериктештик» ордени менен сыйланган. Ошондой эле ага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» ардактуу наамы, мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чендери ыйгарылган.

Мыктыбек Абдылдаев кесипкөйлүгү жогору, принциптүү жетекчи, жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмер жана өз өлкөсүнүн чыныгы патриоту катары кесиптештеринин жана жалпы коомчулуктун терең урматына ээ болгон. Анын мыйзамдуулукту чыңдоого, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган көп жылдык эмгеги Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошту.

Мыктыбек Юсуповичтин жаркын элеси анын үй-бүлөсүнүн, жакындарынын, кесиптештеринин, санаалаштарынын жана аны урматтап билген жалпы журтчулуктун жүрөгүндө түбөлүк сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н. Жапаров, М.А. Маматалиев, А.А. Касымалиев, М.А. Сатыев, Э.Ж. Осконбаев, А.К. Койчиев, М.К. Асаналиев, А.Дж. Джумагулов, М.Ш. Шеримкулов, Д.Дж. Амангельдиев, Э.А. Акунбеков, У.Э. Маматканов, М.К. Алиев, Б.А. Ибрагимов, Ж. Таалайбек кызы, А.С. Кадыралиев, А.О. Орозбеков, М.К. Укушов, А.Б. Апсатаров, Н.К. Ташбеков, К.Т. Туманбаев, У.О. Ниязбеков, А.Дж. Джунушалиев, Б.Р. Зулпиев,
С.С. Касмамбетов, М.М. Иманкулов, Э.Т. Аширбаев жана башкалар.

10