7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Унаа токтотуу үчүн акы төлөбөгөндөргө айып пул салынат

11

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарына жана конокторуна акы төлөнүүчү муниципалдык унаа токтотуучу жайлар үчүн төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүү зарылдыгын эскертет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдирди.

Унаа токтотуучу орундарды натыйжалуу башкаруу жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында «Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм» ишканасынын кызматкерлери «Жөө патруль» мобилдик тиркемесин колдоно башташат.

Бул санариптик курал унаа орундарынын толушун эсепке алууга жана эреже бузууларды каттоого мүмкүндүк берет.

«Укук бузуулар кодексине ылайык, акы төлөнүүчү муниципалдык унаа токтотуучу жайдын акысын төлөбөгөн жеке жактарга – 1 000 сом, юридикалык жактарга 5 000 сом өлчөмүндө айып пул салынат».

Мэрия бул чаралар унаа орундарын узак убакытка ээлеп туруу учурларын азайтып, бардык айдоочулар үчүн бирдей, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгилейт.

12