Акыркы убакта Кыргызстандын Кытайга болгон мамлекеттик карызы тууралуу ар кандай маалыматтар айтылууда. Айрымдар эч кандай так маалыматка таянбастан эле «Кытайга болгон карыз улам өсүп жатат» деген пикирди жайылтууда.
Бирок так сандар эмне дейт?
Эгемендүүлүк жылдарындагы көрсөткүчтөргө карасак, Кытайга болгон карыздын негизги бөлүгү Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун мезгилинде топтолгон. Ал эми акыркы жылдары карыз көбөйгөн жок, тескерисинче азайды. Эгер мурда Кытай алдындагы карыз болжол менен 1,8 миллиард доллар болсо, бүгүнкү күндө ал 1,5 миллиард доллардын тегерегине чейин түштү. Бул Садыр Жапаровдун бийлиги буга чейин алынган Кытайдын кредитин төлөп, күн сайын азайтып жатат дегенди билдирет.
Ошол эле учурда өлкөнүн экономикасы өсүп жатат, алтын-валюта резервдери тарыхый рекорддук деңгээлге жетти, мамлекеттик карыздын ИДПга карата үлүшү акыркы ондогон жылдардагы эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бирине түштү.
Дагы бир маанилүү жагдайга көңүл буруу керек. Кытайга болгон карыздын көлөмү гана эмес, анын жалпы тышкы карыздагы үлүшү дагы азайып жатат. Эгер акыркы он жылдыкта Кытай алдындагы карызыбыз тышкы карыздын дээрлик 50 пайызын түзсө, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч болжол менен 30 пайыздын тегерегине чейин төмөндөдү. Демек, Кыргызстандын бир эле кредиторго болгон көз карандылыгы акырындык менен кыскарып жатат.
Ошондуктан «Кыргызстан карызын төлөй албай калат» же «Кытайга көз каранды болуп калды» дегенге реалдуу негиз жок. Тескерисинче, өлкө өз милдеттенмелерин аткарып жатат жана жакынкы жылдары Кытайга болгон карыз азая берет, төмөндөйт.
Автор: Атай Бейшенбек




