7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дубайдан алган айфондорду мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган жаран аныкталды

143

Бажы кызматы тарабынан «Манас» эл аралык аэропортунда телефондорду каттоодон өткөрбөй киргизүүгө аракет кылган жаран калмалды. Бажы тараткан маалыматка ылайык, Дубайдан учуп келген жүргүнчүдөн 21 даана  iPhone 18 Pro Max жана iPhone 18 Pro уюлдук телефон табылды. Алардын жалпы наркы 3 923 150 сомду түзөт.

Жаран телефондорду Бишкекте сатуу максатында Дубайдан сатып алганын айткан. Бирок, аларды ЕАЭБдин аймагында бажылык тариздөөдөн өткөргөндүгүн тастыктаган документтер болгон эмес. Жаран бажы мыйзамдарын бузгандыгын моюндап, тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөөгө даярдыгын билдирди.

Иштин бардык жагдайлары аныкталганга чейин уюлдук телефондор алынып, тергөө башкармалыгына жөнөтүлдү.

 

144