7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Тазалыкка» жаңы атайын техникалар тапшырылды

6

«Тазалык» муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды. Ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышканын мэриядан билдиришти.

«Ишканага 22 даана атайын техника тапшырылды. Алардын арасында 11 даана МАЗ үлгүсүндөгү таштанды ташуучу унаа, 1 даана «Шумкар» таштанды ташуучу унаасы, 5 даана «Хово», 1 даана «Дамас» жана 4 даана «Лабо» үлгүсүндөгү автоунаа бар.

Жаңы техникалар шаарды санитардык жактан тазалоо иштерин күчөтүүгө, тиричилик калдыктарын өз убагында чыгарууга жана муниципалдык ишкананын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган»- деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Минск шаарынан дагы 3 даана атайын техника келиши күтүлүп жатат. Аларды 15-октябрга чейин жеткирүү пландалууда. Жаңы техникаларды кошкондо, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын карамагындагы атайын автотранспорттун жалпы саны 400дөн ашты.

Автопарктын жаңыланышы ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, таштандыларды чыгаруунун ыкчамдуулугун жогорулатууга жана Бишкек шаарынын аймагын санитардык жактан тазалоо иштерин кыйла натыйжалуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

7