7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик катчы: Кыргыз тили коргоого эмес, колдонууга муктаж

4

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев бүгүн, 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу кыргызстандыктар! Сиздерди 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Улутубуздун руханий өзөгү, ата-бабаларыбыздан калган ыйык мурас – кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамына ээ болгонуна быйыл 37 жыл толду.

Бул күн – элибиздин улуттук аң-сезимин, тарыхый эс тутумун жана руханий мурастарын сактап келген кыргыз тилинин мамлекеттик макамын даңазалаган маанилүү дата. Тил – ата-бабалардан калган ыйык мурас, улуттук биримдиктин жана мамлекеттүүлүктүн негизги баалуулугу. Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары бекемделип, коомдук турмуштун ар кыл чөйрөлөрүндө колдонулуп келе жаткандыгы биздин ири жетишкендиктерибиздин бири. Аны сактоо, кадырлоо жана заман талабына ылайык өнүктүрүү – азыркы учурдун тарыхый жоопкерчилиги.

Урматтуу замандаштар! Бүгүнкү милдет – эне тилибизди сактап калуу менен гана чектелбестен, аны заман талабына ылайык өнүктүрүп, билимдин, илимдин, мамлекеттик башкаруунун жана жаңы технологиялардын тилине айландыруу.

Президенттин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” Жарлыгында мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө өзгөчө маани берилиши өлкөнүн өнүгүү стратегиясындагы анын маанилүү ордун тастыктап турат.

Ушул багытта мамлекеттик тилдин укуктук жана институционалдык негиздерин чыңдоо боюнча бир катар иштер жүргүзүлүп, тил мыйзамдарын өркүндөтүүгө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тил билүү деңгээлин жогорулатууга, мамлекеттик органдарда жана мекемелерде иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү кеңейтүүгө багытталган бир топ иштер аткарылууда. Мындай иштер мамлекеттик тилдин коомдогу ордун бекемдеп, анын күнүмдүк жашоодо жана кесиптик ишмердикте колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүүдө.

Бүгүнкү күндө тил саясатынын маанилүү багыттарынын бири – кыргыз тилин санариптик мейкиндикте өнүктүрүү. Жаңы технологиялардын кеңири жайылышы мамлекеттик тилибизди заманбап коммуникациялардын, билим берүүнүн жана интеллектуалдык өнүгүүнүн натыйжалуу куралына айландыруу, ошондой эле илимий жана технологиялык ресурсу катары пайдалануу болуп саналат.

Бул багытта кыргыз тилин үйрөнүүгө жана колдонууга багытталган электрондук платформалар, аудио-видеоматериалдар жана тармактык сөздүктөр иштелип чыгып, түрдүү платформалар ишке киргизилип, кыргыз тилинин улуттук корпусун түзүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Урматтуу мекендештер! Чындыгында эле, кыргыз тили коргоого эмес, колдонууга муктаж болуп турган чагы. Андыктан баарыңыздарды Айкөл Манас атабыздын тилин таза сактоого, сабаттуу колдонууга жана өнүктүрүүгө өз салымыңыздарды кошууга чакырам.

Кыргыз тили – улуттун үнү, мамлекеттин өзөгү жана келечек муунга калтыра турган эң улуу мурасыбыз. Мамлекеттик тил майрамыңыздар кут болсун!”

5