22-сентябрда «Каракол» эл аралык аэропортунда Кыргызстандагы алгачкы Business Aviation Summit 2026 өттү. Ага эл аралык авиация коомчулугунун, бизнес-авиациянын жана ага байланыштуу тармактардын өкүлдөрү катышты.
Саммиттин негизги максаты — Кыргызстандын авиациялык инфраструктурасын жана «Каракол» аэропортунун бизнес-авиацияны өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу.
Иш-чарага Asman Airlines, Airbus, Bombardier, COMAC, Kaz Air Jet жана башка компаниялардын өкүлдөрү катышты.
Катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун аэропорттун перронунда уюштурулган аба кемелеринин статикалык көргөзмөсү жаратты. Анда бизнес-джеттер жана тик учактар көрсөтүлдү. Ошондой эле медициналык каттамдарга ылайыкташтырылган COMAC учагы жана Asman Airlines авиакомпаниясына таандык De Havilland Dash 8-400 учагы коюлду.
«Business Aviation Summit 2026» саммитинин өткөрүлүшү Кыргызстандын авиация тармагын өнүктүрүүдөгү жана эл аралык авиация коомчулугу менен кызматташтыкты чыңдоодогу маанилүү кадам болду», — деди «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын коммерция боюнча директору Аман Мамаев.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



