7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңеште мектептеги зомбулук маселеси көтөрүлдү

143

Бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда Сузак жана Чаткал райондорунда мектеп окуучуларынын сабалып каза болгону боюнча маселе көтөрүлдү. Депутат Жайлообай Нышанов Сузакта жана Чаткалда өспүрүм балдардын колунан эки окуучу бала каза болгонуна жергиликтүү бийликтин, күч органдарынын, билим берүү бөлүмүнүн башчыларынын, мектеп директорлорунун жоопкерчилигин кароону талап кылды.

Эл өкүлү Улукбек Карыбек уулу мектептердеги зордук-зомбулук маселеси системалык мүнөзгө ээ экенин белгиледи.

«2024-жылдан 2026-жылга чейин сабалуудан улам жети бала каза болгон. Ошондой эле өспүрүмдөр арасында 73 суицид учуру бар. Балдардын өлүмүнүн себептерине эч ким анализ жүргүзбөйт. Бул маселени эң жогорку деңгээлде чечүү зарыл. Парламент мектептеги зомбулукка каршы күрөшүү боюнча мыйзам долбоорун даярдап, ошондой эле комиссия түзүшү керек», — деп кошумчалады ал.

144