Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Ак Тилек муниципалдык соода базарында Каракол шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан пландын негизинде өрт-тактикалык машыгуу өттү.
Машыгууда сценарийдин негизинде базарда өрт чыгып, өрттү өчүрүүгө Каракол шаардык N15 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 2 күжүрмөн эсеп тартылган.
Тилекке каршы, өз убагында жетип барган өрт өчүрүү унаалары базардын ичине кире алган жок. Анын себеби базардагы соодагерлердин негизги жолду тосуп, соода күркөлөрүн салып алышы, электр чубалгыларынын туура эмес тартылышы жана базарга келген жарандардын унааларын туш келди токтотушу себеп болду.
Жеринде муниципалдык соода базарынын директоруна жана соодагерлерге түшүндүрүү иши жүрүп, тоскоолдуктарды жоюу тапшырмасы коюлду.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



