7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Майлуу-Суу лампа заводу кайрадан ишке кирүүдө

11

Көчмө жыйын өткөргөн Бакыт Төрөбаев Майлуу-Суу лампа заводунун ишмердүүлүгү менен таанышып, калыбына келтирүүгө зарыл болгон финансылык каражаттар бөлүнгөнүн билдирди.

Жыл башында президенттин тескемесине ылайык заводго финансылык колдоо көрсөтүү максатында 116 млн 900 миң сом бөлүнүп, ал сумма эмгек акы жана жумуштан бошогондордун жөлөк пулдары боюнча карыздарды жабууга багытталган.

Президенттин жарлыгына ылайык “Майлуу-Суу лампа заводу” ачык акционердик коомунун эсебине 931, 6 млн сом каралып анын 600 млн сому бөлүндү, алынган каражаттар максаттуу багытта пайдаланылууда, ал ишкананын мекемелер алдындагы пайда болгон карыздарын жабууга жумшалып жатканы айтылды.

Бул чечимдер аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууга, өндүрүштүк кубаттуулуктарды кайра ишке киргизүүгө жана жаңы инвестицияларды тартууга багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.

Майлуу-Суу лампа заводунун ишин жандандыруу өлкөнүн өнөр жай потенциалын калыбына келтирүүдө өзгөчө мааниге ээ, аны менен катар жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшүнө жана аймактын жалпы экономикалык өсүшүнө оң таасирин тийгизет. Долбоор ишке ашырылган соң жүздөгөн жаңы жумуш орундарын түзүү, жергиликтүү калктын иш менен камсыз болушун жакшыртуу жана алардын киреше деңгээлин жогорулатуу күтүлүүдө.

12