7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагындагы мыйзамсыз курулуш токтотулду

125

Бишкекте курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Анын алкагында, Жал кичи району №30 даректе жайгашкан объектинин мыйзамсыз курулуп башталганы аныкталды.

Объектте тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок, мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан жер казуу иштери жүргүзүлүп жаткандыгы белгилүү болгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган объект Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 1100 орундуу жатаканасы экендиги аныкталды. Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Битрейд Импекс” ЖЧКсына карата тиешелүү акт түзүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин курулуш-монтаждоо иштери токтотулду.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти бардык компанияларды курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзамдардын, шаар куруу жана курулуш ченемдеринин талаптарын так сактоого чакырат. Ошондой эле уруксат берүүчү документтерсиз жана белгиленген тартипти сактабастан жүргүзүлгөн курулуш иштерине карата КРнын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик караларын эскертет.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

126