Нарын шаарындагы айланма жол курулуш иштерине байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.
Жол кыймылын коопсуз уюштуруу жана курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында аталган тилкеде бардык унаалардын жүрүүсүнө 20-июнга чейин чектөө киргизилет.
Министрлик айдоочулардан алдын ала маршруттарын пландап, жол белгилеринин талаптарын сактоону жана мүмкүнчүлүк болсо альтернативдүү жолдорду колдонууну өтүнөт.




