7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жүргүнчүлөр үчүн жакшы жаңылык: AirArabia кайрадан Бишкекке жана Ошко каттай баштайт

235

«Air Arabia» Бишкек жана Ош шаарларына туруктуу каттамдарын кайрадан жандандырат.

«Кыргызстан аэропорттору» ААКнын төрагасы Манасбек Самидинов Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясы менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда Кыргыз Республикасы менен БАЭ ортосундагы авиациялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Жолугушууда негизги көңүл каттам тармагын кеңейтүүгө, жүргүнчүлөр агымын көбөйтүүгө жана эки өлкөнүн ортосунда туристтик, ишкердик жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө бурулду.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында «Air Arabia» авиакомпаниясы менен төмөнкү багыттар боюнча туруктуу авиакаттамдарды кайра жандандыруу макулдашылды:

• Шарджа – Ош – Шарджа 2026-жылдын 22-июнунан тартып;
• Шарджа – Бишкек – Шарджа 2026-жылдын 3-июлунан тартып.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өнөктөштүк мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана жарандык авиация тармагында жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

236