Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе “Ынтымак Ордого” келди. Имарат алдына ардак кароол тизилип, өкмөт башчыны президент Садыр Жапаров тосуп алды.
Алдыда тараптардын жолугушуусу өтүп, бардык тармактардагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү келечегин талкуулашат.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы укуктук базаны жана практикалык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого багытталган эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюлат.




