7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Ираклий Кобахидзенин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

283

Бишкек шаарында бүгүн, 12-июнда, Президент Садыр Жапаров менен Грузиянын Премьер-министри Ираклий Кобахидзенин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

“Ынтымак Ордо” имаратынын алдына Кыргызстан менен Грузиянын мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол тизилип, этно-жоокерлер турушту.

Садыр Жапаров менен Ираклий Кобахидзе саламдашкандан кийин Ардактуу кароолдун рота командиринин рапортун кабыл алышты. Андан соң аскердик оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды.

Мындан кийин катарды кыдырып чыгышты, Ираклий Кобахидзе Ардактуу кароол ротасы менен “Салам аскер!” деп саламдашты. Андан соң алар расмий делегациялардын мүчөлөрүн бири-бирине тааныштырышты.

Расмий салтанат аяктаган соң, Садыр Жапаров менен Ираклий Кобахидзе биргелешип сүрөткө түшүү үчүн “Ынтымак Ордого” киришип, сүйлөшүүлөр залына өтүштү.

284