7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Air Arabia Ысык-Көлгө түз каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат

43

Air Arabia Ысык-Көлгө жана Караколго түз каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Кыргызстан дүйнөнүн туристтик картасындагы өзүнүн позициясын бекемдөөнү улантууда.

«Кыргызстан аэропорттору» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясы менен болгон жолугушуусунда Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы аба каттамдарын кеңейтүүнүн келечеги, ошондой эле өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

2026-жылдын жайкы туристтик сезонуна карата Шарджа – Ысык-Көл (Тамчы айылы) багыты боюнча түз авиакаттам ачуу сүйлөшүүлөрдүн негизги маселелеринин бири болду. Учурда тараптар келечектеги учуу программасынын параметрлерин, анын ичинде каттамдар аткарылып башталчу датаны жана алардын жыштыгын иштеп чыгышууда.

Бул багыттын ачылышы менен Перс булуңундагы өлкөлөрдөн Борбор Азиянын бермети — Ысык-Көлдүн жээгине келген туристтердин агымы кыйла көбөйөт деп ишеним артылууда. БАЭден жана аймактагы башка мамлекеттерден келген коноктор үчүн Кыргызстандын кайталангыс жаратылышы, тоодогу курорттук жайлары, улуттук маданияты жана активдүү эс алуу мүмкүнчүлүктөрү мурдагыдан да жеткиликтүү болуп калат.

Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн алкагында кышкы туристтик сезонго карата Шарджа – Каракол багыты боюнча түз авиакаттам ачуу мүмкүнчүлүгү да талкууланып жатат. Жаңы каттам Кыргызстандын тоо-лыжа туризмин эл аралык рынокто илгерилетүүдөгү маанилүү кадам болуп, кыш мезгилинде Ысык-Көл аймагына чет элдик туристтерди тартуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү жарата алат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга эл аралык авиакомпаниялардын кызыгуусу улам өсүүдө. Аэропорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү, өлкөнүн аба майдандарын модернизациялоо жана каттамдар тармагын кеңейтүү менен туристтер, бизнес өкүлдөрү жана эл аралык байланыштарды чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө.

 

44