Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июнда, Балыкчы шаарында Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушуна мезгил кутусун салды.
Мамлекет башчысынын сөзү: “Ардактуу мекендештер!Көл кылаасынын кымбаттуу тургундары!
Урматтуу темир жолчулар жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү!
Акыркы жылдары Кыргызстандын темир жол тармагы ырааттуу өнүгүп, сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүлүүдө. Өлкөбүздүн транспорттук көз карандысыздыгын чыңдоого, транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, заманбап логистикалык системаны түзүүгө жана өндүрүштүк кубаттуулукту арттырууга багытталган ири инфратүзүмдүк долбоорлор ишке ашырылып жатат.
Алардын бири катары мынакей бүгүн биз стратегиялык маанидеги Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушуна старт берип, өлкөбүздүн келечегине болгон ишенимибиздин белгиси катары мезгил кутусун салганы турабыз. Бул окуя бир эле Ысык-Көл облусу үчүн эмес, бүтүндөй Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ!
Ошондуктан жалпы мекендештерди Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушунун башталышы менен чын дилимден куттуктаймын!
Урматтуу замандаштар, алгач мамлекетибиздин темир жол тармагындагы өсүштөргө эки ооз сөз менен токтоло кетейин.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча темир жол аркылуу жүк ташуулардын көлөмү 10,5 миллион тоннага жетип, 2021-жылдагы 7,7 миллион тоннага салыштырмалуу 36,4 пайызга өстү. Бул – ата мекендик темир жол тармагынын тарыхындагы эң жакшы көрсөткүчтөрдүн бири.
Ошол эле мезгилде темир жол транспортун колдонгон жүргүнчүлөрдүн саны 2021-жылы 255 миң адам болсо, 2025-жылы 432 миң адамга чыкты. Бул көрсөткүч 70 пайыздык өсүштү түзөт.
Иштин мындай ыкчам ыргагы тармактын ишмердүүлүгү жакшырып, темир жолдун өлкөнүн транспорттук системасындагы ролу кеңейип жатканын, натыйжада элибиздин темир жол транспортуна болгон ишеними артып баратканын айгинелейт.
Бүгүнкү күндө узундугу 304 чакырымды түзгөн стратегиялык маанидеги Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу жигердүү жүрүп жатат. Мен ар дайым баса белгилеп айтып келем, бул долбоор өлкөбүз үчүн тарыхый мааниге ээ.
Ал Чыгыш менен Батышты байланыштырган жаңы эл аралык транспорттук коридорду түзүүгө, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, транзиттик жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүгө жана Кыргызстандын Борбор Азиядагы маанилүү транспорттук түйүн катары позициясын бекемдөөгө шарт түзөт.
Бул долбоордун маанилүү бөлүгү – Макмал жүк которуу станциясы. Кудай буюрса, ал ар түрдүү темир жол колеяларынын туташуусун камсыздап, өлкөнүн негизги логистикалык борборлорунун бирине айланат.
Муну менен катар өлкөнүн ички темир жол тармагын өнүктүрүү жана Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүнүн транспорттук байланышын чыңдоо үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал темир жол долбоору боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Аталган долбоордун биринчи этабы катары узундугу 63 чакырым болгон Балыкчы – Кочкор темир жол линиясы каралууда. Быйыл бул жолду пайдаланууга берсек, анда ал Кыргызстандын бирдиктүү темир жол системасын өнүктүрүү стратегиясын этап-этабы менен ишке ашырууда маанилүү тажрыйбалык кадам болуп калат.
Бул долбоор чийки заттарды жана өнөр жай жүктөрүн ташууну арттырууга, аймактардын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, логистикалык чыгымдарды азайтууга жана улуттук темир жол системасынын интеграциясын кыйла күчөтүүгө мүмкүндүк берет.
Мынакей ушундай жетишкендиктерибиздин уландысы катары бүгүнкү Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушун айтууга толук негиз бар.
Ошондуктан, блогерлер дейбизби, оппозиция дейбизби же өзүн көрсөткөн популист саясатчылар дейбизби, “каптап кетти, жайнап кетти” деген сөздөрдү чыгарып, тоскоолдук жаратып жатышат да. Ушундайларга чекит коюп, кескин токтотушубуз керек.
Албетте, мына биз ушундай өзүбүздүн күчүбүз жеткен жер болсо өзүбүз салып жатабыз, ал эми инженерлерибиз жок, тажрыйбасы жок, өзүбүздүн колубуздан келбеген нерселерди кошуна мамлекеттерден суранып, жасатып жатабыз.
Ошол эле мезгилде биз дагы бекер отурган жерибиз жок, инженерлерибизди, курулушчуларыбызды жиберип, окутуп, тажрыйбасын бөлүштүрүп, “тажрыйбалуу болуп келгиле” деп ушундай иштерге өзүбүздүн колубуз жетпеген, күчүбүз жетпеген, инженерлерибиздин билими жетпеген жерлерди азырынча ушул кошуна өлкөлөргө курдуруп жатабыз.
Ал эми “өзүбүз курабыз” деп жата берсек, биздин инженерлердин курулуштары 15-20 жылда араң даяр болот. Ошондуктан, азыр андай чагымчылдык аракеттерге блогерлерибизди барбагыла деп мен чакырып кетем. Мынакей, татаал эмес Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Каракол темир жолунун курулушун азырынча өзүбүз курганга мүмкүнчүлүк болот, мына куруп жатабыз.
Урматтуу мекендештер!
Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жол линиясы Кыргызстандын улуттук байлыгы болуп саналган жана Борбор Азиядагы эң ири туристтик борборлордун бири болгон Ысык-Көл облусунун транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүүгө багытталган.
Жыл сайын туристтердин агымы өсүп жаткан шартта аймактын транспорттук системасына оорчулук түшө баштады. Бул долбоордун ишке ашырылышы жүргүнчүлөрдүн бир бөлүгүн темир жол транспортуна өткөрүүгө, жарандардын коопсуздугун жана жүрүү ыңгайлуулугун жогорулатууга, ошондой эле автомобиль жолдоруна түшкөн сезондук жүктү азайтууга мүмкүндүк берет.
Жаңы темир жол линиясынын узундугу болжол менен 86 чакырым.
Долбоордо темир жолду “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту менен интеграциялоо каралган. Натыйжада Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап мультимодалдык транспорттук түйүн түзүлөт.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, долбоор толук кубаттуулукка чыккандан кийин жылына 5 миллион тоннага чейин жүк ташууну камсыздай алат. Мындан тышкары, инфратүзүмдүн өнүгүшүнө жана аймактын экономикасынын жандануусуна жараша бул көрсөткүч дагы көбөйөт деген үмүтүм бар.
Аталган долбоор Ысык-Көл жээгинде ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык демилгелерди эске алгандыгы менен өзгөчө мааниге ээ!
Жаңы темир жол курулуш материалдарын жана башка жүктөрдү жеткирүүнү камсыздап, аймактын туристтик дараметин өнүктүрүүгө жана жүргүнчү ташууларды кеңейтүүгө өбөлгө болот.
Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө 400дөн ашуун жумуш орду түзүлөт, ал эми темир жол пайдаланууга берилгенден кийин 200дөн ашык туруктуу жумуш орундары камсыздалат.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Бүгүн биз өлкөбүздүн экономикасынын, туризминин жана транспорттук системасынын мындан аркы өнүгүшү үчүн бекем пайдубал түптөп жатабыз.
Жаңы темир жол Кыргызстандын заманбап транспорттук инфратүзүмүнүн маанилүү бөлүгүнө айланып, элге кызмат кылып, аймактарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүп, келечек муундар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деген терең ишенимдемин.
Бул маанилүү долбоорду ишке ашырууга бел байлап, батыл киришип жаткан бардык жарандарга жана өнөктөштөргө ыраазычылык билдирем.
Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушу ийгиликтүү болсун!
Эгемен Кыргызстаныбыз ар тараптан өнүгүп-өсө берсин!”.



