Бүгүн, 22-июнь өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +31…+36, Таласта +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28…+33, Ысык-Көл аймагында +21…+26, Нарын регионунда +20…+25 градуска жетет.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +32…+34, Ош калаасында +31…+33, Чолпон-Ата шаарында +22…+24 градусту көрсөтөт.



