7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте акылдуу жол чырактар пилоттук режимде иштей баштады

170

Бишкек шаарында жол тыгынын азайтуу жана транспорт агымын натыйжалуу башкаруу максатында Чүй проспектиси менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишине жаңы үлгүдөгү жол чырактар орнотулуп, пилоттук негизде ишке киргизилди. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалым болгондой, долбоордун алкагында жаңы жол чырактардын иштөө алгоритми, алардын унаа агымына тийгизген таасири жана жол кыймылын уюштуруудагы өзгөрүүлөр талдоого алынат.

Ошондой эле жаңы система боюнча үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп, анын жыйынтыгына жараша борбор калаада жол кыймылын жакшыртуу боюнча мындан аркы чечимдер кабыл алынары белгиленди.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясы гранттык негизде жол чырактарды орнотууну ишке ашырган Vokko компаниясына шаар инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык кат тапшырды.

171