7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир нече күн мурун эле жазуучудан, бүгүн анын жубайынан айрылып жатабыз

800

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Баатыры жана эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин жубайы — Сабира Турсункулованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу, Жакиевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты. Көңүл айтуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы жарыялады.

«Сабира апанын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу кайрат айтуумду, колдоо сөздөрүмдү кабыл алыңыздар. Мындан бир нече күн мурун эле Бексултан Жакиевдин дүйнө салгандыгы тууралуу суук кабарды уктук эле, эми Сабира апа менен коштошуп жатабыз.

Бексултан ата менен Сабира апа узак жана бактылуу өмүр сүрүшүп, балдарын татыктуу тарбиялап, дээрлик бир мезгилде түбөлүк жайга кетишти. Сабира апа өмүр бою маданият тармагында иштеген боорукер, адептүү жана кең пейил адам эле. Ал үй-бүлөсүндө эле эмес, достору менен кесиптештеринин арасында да татыктуу урмат-сыйга ээ болгон. Ошондой эле жолдошу Бексултан Жакиевди ар дайым колдоп келгендигин белгилеп кетпесек болбос. Орду толгус оор жоготууга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам!», — деп белгилейт Президент Садыр Жапаров көңүл айтуусунда.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

801