Союзбек Надырбеков жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды.
Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Надырбеков Союзбек Надырбекович 1990-жылдын 16-сентябрында Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында туулган.
Билими:
- 2008-2009 ж. — Кыргыз-түрк «Манас» Университетинен — эстрадалык вокал боюнча билим алган.
- 2009-2013 ж. — Бишкек Гуманитардык Университети – Батыш таануу жана эл аралык мамилер (корей тили).
- 2009-2012 ж. — Чунг-Ангск университети (Корея Республикасы) – Ичики жана тышкы саясат.
- 2015-2017 ж. — — Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу (академиялык даража «Магистр»).
- 2017 -жылдан бери- КР Президентинин алдындагы мамлекеттик Башкаруу Академиясы – саясий институт (аспирантура)
Эмгек жолу:
• 2020-2021 ж. – Жогорку Кеңеште «Республика — Ата-Журт» фракциясынын кеңешчи, катчысы.
• 2018-2019 ж. — Координатор King Abdul-Aziz Camel Festival – Nomad Universe (Сауд Аравия);
• 2017-2018 ж. – III- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык жана өткөрүү боюнча мамлекеттик мекеменин адиси.
• 2016-2017 ж. -Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлүнүн жаштар иштери боюнча кеңешчиси.
• 2015-2017 ж. — Asia Children Charity эл аралык кайрымдуулук фондунун аткаруучу директору.
• 2013-2015 ж. – KGM жана Luna travel туристтик компаниясынын башкы менеджери.
• 2013-2015 ж. – «Лидер» жаштар клубунун төрагасы.