Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Грузияга болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү салык органынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Сапардын максаты эки өлкөнүн салык органдарынын ортосунда салык салуу жаатында тажрыйба алмашуу жана эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү.
Иш сапарынын жүрүшүндө Алмамбет Шыкмаматов Грузиянын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер кызматынын жетекчиси Михаил Маглакелидзе менен жолугушту.
Салык кызматынын төрагасы Грузияда ишке ашырылган жана салыктык жана бажылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган масштабдуу реформалардын жыйынтыктары ийгиликтүү тажрыйбанын маанилүү үлгүсү экенин белгиледи.
«Биздин өлкөнүн аймагы болжол менен 70 пайыз тоолуу жерлерден турат. Өлкө гидроэнергетика тармагында чоң мүмкүнчүлүккө жана пайдалуу кендердин бай запастарына ээ. Акыркы жылдары экономиканын туруктуу өсүшү байкалууда: номиналдык өсүш болжол менен 18 пайызды, ал эми реалдуу өсүш 11,1 пайызды түзүүдө. Бул өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн жалпы динамикасын чагылдырат. Өткөн жылга салыштырмалуу салыктык түшүүлөр 135 пайызга өсүп, пландалган көрсөткүчтөрдөн ашты. Постсоветтик өлкөлөрдүн арасында бизде эң ыңгайлуу салык режимдери колдонулат. Экономиканын негизги кыймылдаткыч күчтөрү болуп өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана айыл чарба тармагы саналат», – деп белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.
Иш сапарынын жыйынтыгында эки өлкөнүн салык органдарынын ортосунда эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоого жана практикалык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.



