7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казарман ГЭСтер каскады — 912 МВттык стратегиялык долбоордун курулушу башталды

11

Кыргызстанда ири энергетикалык долбоор — «Казарман ГЭСтер каскадынын» курулушу башталды. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда долбоордун башталышына арналган капсула салуу аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты. Бул ири энергетикалык долбоор өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын натыйжалуу пайдаланууга, энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө жана узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүүгө багытталган стратегиялык мааниге ээ демилгелердин бири болуп саналат.

Долбоордун курамына Алабуга ГЭСи (600 МВт), Кара-Булуң-1 ГЭСи (149 МВт) жана Кара-Булуң-2 ГЭСи (163 МВт) кирип, жалпы орнотулган кубаттуулугу 912 МВтты түзөт. Жылдык электр энергиясын өндүрүү көлөмү орточо эсеп менен 3750 ГВт·саатка чейин жетери күтүлүүдө. Өндүрүлгөн электр энергиясы улуттук энергетикалык тутумга 500 кВ “Датка–Кемин” линиясы аркылуу берилет.

Капсула салуу аземинде Президент Садыр Жапаров энергетика тармагы өлкөнүн өнүгүүсүндөгү негизги багыт экенин белгилеп: «Энергетика — өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн стратегиялык негизи. Ар бир жаңы ГЭС — бул энергетикалык коопсуздукту бекемдөө, экономикага дем берүү жана элдин жашоо сапатын жогорулатуу дегенди билдирет»-, деп белгиледи. Ошондой эле долбоордун мамлекеттик деңгээлдеги маанисин жана анын өлкө келечеги үчүн өзгөчө орду бар экендигин кошумчалады.

Учурда долбоорду ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашуу даярдалып, тиешелүү мамлекеттик чечимдер кабыл алынган. 2025–2026-жылдар аралыгында жер тилкелерин бөлүү, долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана инфраструктуралык даярдык иштери жүргүзүлдү. Эми болсо негизги курулуш иштер башталат.

Долбоорду ишке ашырууда эл аралык тажрыйбалуу өнөктөштөр катышууда. Алардын катарында курулушту башкаруу жана техникалык көзөмөлдү камсыздаган Hill International, ошондой эле Түркиянын ири холдинги İhlas Holding жана энергетика тармагындагы ORTA ASYA Investment Holding бар. Бул компаниялар Казарман ГЭСтер каскадынын ишке ашырылышына финансылык, уюштуруучулук жана техникалык колдоо көрсөтүп, долбоордун сапатын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууда.

«Казарман ГЭСтер каскады» ишке киргенде ал Кыргызстандын энергетикалык системасын олуттуу түрдө чыңдап, ички керектөөнү туруктуу камсыз кылууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактык экономиканын өнүгүшүнө чоң түрткү берет. Ошондой эле келечекте электр энергиясын экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт.

Бул долбоор Кыргызстандын энергетикалык тарыхындагы эң ири жана стратегиялык мааниге ээ кадамдардын бири болуп, өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүү багытын бекемдейт.

 

 

12