1-июлдан тарта Бишкектеги Магистраль көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалым болгондой, чектөө Садырбаев көчөсүнөн «Манас айылына» чейинки тилкеге киргизилет.
«Бул тилкеде курулуш жана реконструкция иштеринин башталышына байланыштуу жол жабылууда», — деп айтылат маалыматта.



