7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ашим Тагаев: Мен өздүк курамга толук ишенем

929

Жалал-Абад ОИИБдин жетекчиси милициянын полковниги Ашим Тагаев райондук ички иштер бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБдин ЖКККБнын, Ала-Бука жана Аксы РИИБдин өздүк курамы менен жеринде жолугушуп, имараттын абалы, кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттары менен жакындан таанышып чыккан.

“Жетекчиликтин алгачкы максаты сиздер үчүн толук кандуу шарт түзүү, бул багытта мен болгон аракетимди көрөмүн, сиздер ошого жараша чын дилден кызмат өтөп, коюлган тапшырмаларды өз убагында аткарыңыздар. Ар бир жаран форма кийип милиция кызматкери боло албайт, сиздер менен катарлаш турабыз, демек сиздер мекенчил жана өз элин артык сүйгөн инсансыздар. Жогорку юридикалык билимдүүсүздөр, андыктан элдин көйгөйүн жеринде чечүү, жергебиздеги коомдук тартипти көзөмөлдөө, элдин милицияга болгон ишеничин арттыруу биз үчүн сыймык. Мен өздүк курамга толугу менен ишенем” – деп белгиледи Ашим Тагаев.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

930