7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Атада чет өлкөлүк студентти бычактаган жаран кармалды

644

Ысык-Атада чет өлкөлүк студентти бычактаган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-апрелде болжол менен саат 04:21 чамасында Ысык-Ата РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө аймактык ооруканага бычактан алган жаракатынан улам эркек киши жаткырылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Териштирүү учурунда ооруканага түшкөн жарандын өздүгү такталып, ал 1998-жылы туулган Ш.Н. аттуу жогорку окуу жайлардын биринде окуган чет өлкөлөрдүн биринин жараны экендиги аныкталган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндурүш иштери башталган.

«Чүй облусунун ИИББдүн жана Ысык-Ата РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 2003-жылы туулган жергиликтүү Ч.М. аттуу жашоочу кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Алдын ала териштирүү боюнча, жогорудагы окуя кызганычтан келип чыкканы белгилүү болгон. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

645