Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев кызматтан кетүү арызын жазды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга Жапыкеев өзү билдирди.
Маалыматка ылайык, арызды бүгүн, 28-апрелде жазган. Жапыкеев арызды эмне себептен жазганынын айткан жок.
Буга чейин Сыймык Жапыкеев жергиликтүү маалымат булактарына берген интервьюсунда, эмнеге коомчулукка көп чыкпай калдыңыз деген суроого: «Эмне чыкпайсың дешет. Мага эмне маяна төлөп коюшту беле? Элдин астында карызмынбы? Менин да жашоом бар да. Мен кыйкырып, өкүрүп жүрө албайм да. Мен милдет алган эмесмин» , — деп жооп берген.