7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык бүтүрүүчүлөр Санкт-Петербургдагы «Алые паруса» майрамына катышты

29

Бишкек шаарындагы муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын 18 бүтүрүүчүсү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн бүтүрүүчүлөрдүн дүйнөгө белгилүү «Алые паруса» майрамына катышып келишти.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, сапар Орусия тараптын чакыруусу жана борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен 25–30-июнь күндөрү уюштурулган.

Маданий-билим берүү программасынын алкагында окуучулар Санкт-Петербург шаарынын тарыхый жана маданий жайларын кыдырып, Мамлекеттик Эрмитаж музейине, Мамлекеттик Орус музейине, «Ленрезерв» музейдик-тарыхый комплексине жана Петергоф сарай-парк ансамблине экскурсия жасашты.

Сапардын негизги бөлүгү 27-июнда өткөн «Алые паруса» майрамына катышуу болду. Масштабдуу иш-чарага болжол менен 70 миң бүтүрүүчү чогулуп, катышуучулар концерттик программаны, жарык шоусун жана Нева дарыясы аркылуу кызыл парустуу кеменин салтанаттуу сүзүп өтүүсүн көрүштү.

Мэрия белгилегендей, мындай маданий-билим берүү сапарлары жаштардын дүйнө таанымын кеңейтип, тарыхка жана маданиятка болгон кызыгуусун арттырууга, ошондой эле эл аралык достук байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт.

30