Бишкек шаарында автобустагы валидатор иштебей калган учурда жүргүнчүлөр жол кире төлөбөй эле жүрө алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров билдирди.
Анын айтымында, эгер автобустагы валидатор техникалык мүчүлүштүктөн улам иштебей калса, жүргүнчүдөн жол кире талап кылынбайт жана ал каттамды акысыз уланта алат.
Эске салсак, 2026-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек шаарындагы автобустарда, анын ичинде электробустарда, жол кирени накталай акча менен төлөө токтотулган. Учурда төлөмдөр банк карталары, QR-коддор жана башка накталай эмес төлөм каражаттары аркылуу гана жүргүзүлөт.



