7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто Сулайман-Тоо музей комплексин жаңыртуу долбоору боюнча коомдук угуу өттү

219

Ош шаарында «Сулайман-Тоо музей комплексин реконструкциялоо жана модернизациялоо» долбоорунун алкагында айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизе турган таасирге баа берүү боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын негизги максаты долбоордун экологиялык жана социалдык таасирин талкуулоо болду.

Коомдук угууда курулуш жана жаңылоо иштерин жүргүзүүдө тарыхый-маданий мурастарды сактоо, айлана-чөйрөгө тийгизилүүчү таасирди азайтуу жана жергиликтүү тургундардын кызыкчылыктарын эске алуу маселелери каралды.

Ошондой эле катышуучулар долбоорду ишке ашырууда экологиялык коопсуздук талаптарын сактоо жана маданий мурастарды коргоо боюнча бир катар сунуштарын билдиришти.

220