7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэрлер жана акимдер эл менен жылына эки ирет жолугушат

224

Президент Садыр Жапаров «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Бул мыйзам 2026-жылдын 10-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Кыргызстанда акимдердин жана шаарлардын мэрлеринин ишинин ачыктыгын, айкындыгын камсыз кылуу, ошондой эле жергиликтүү жамааттын алдындагы жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат.

Мыйзам менен «Борбордун статусу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

Ага ылайык Бишкек жана Ош шаарлардын мэрлеринин, акимдердин калк менен жылына 2 жолу, ар бир жылдын февраль-мартында жана ноябрь-декабрында милдеттүү жолугушууларды өткөрүү милдети белгиленүүдө.

Аталган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

225