Нарын регионалдык башкармалыгы Ат-Башы районунун мергенчилер коомунун өкүлдөрү жана аскер кызматкерлери менен биргеликте экологиялык мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча рейд өткөрдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, рейддин жүрүшүндө Ат-Башы районунун Ак-Сай-Арпа жана Босого жайлоолорунда жергиликтүү тургундар, малчылар жана туристтер арасында айлана-чөйрөнү таза сактоо жана экологиялык талаптарды аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле Нарын районунун Оттук айылынын капчыгайында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө балыкты тор менен мыйзамсыз уулоо фактысы аныкталды.
Өрнөк айылынын тургунуна карата административдик протокол түзүлүп, айып пул салынды.



