Жекшембиде өлкөнүн башка аймактарында жамгыр жаабаганы менен түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болушу күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология кызматы билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +28…+33, Таласта +27…+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл, Нарын региондорунда +20…+25 градуска жетет.
Термометр Бишкекте +30…+32, Ош калаасында +32…+34, Чолпон-Ата шаарында +21…+23 градуста болмокчу.



