Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылында өткөн «Тескей Ысык-Көл» аймактык маданий-өнүктүрүү жана инвестициялык форумунда Ысык-Көлдүн түштүк жээгин 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн комплекстүү концепциясы сунушталды.
Форумдун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Рахат Жунушбаева болду. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бизнес өкүлдөрүнүн, инвесторлордун, эксперттердин жана жергиликтүү тургундардын катышуусу менен аймакты узак мөөнөттүү өнүктүрүү маселеси талкууланды.
Концепцияда экологиялык туруктуулук, заманбап инфраструктураны өнүктүрүү, туризмди кеңейтүү жана жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртуу негизги багыттар катары белгиленген.
Документте экологиялык туризм, маданий туризм, спорттук туризм, дарылоо-рекреациялык туризм жана агротуризм боюнча беш кластерди түзүү сунушталууда.
Ошондой эле «Тескей» геопаркын түзүү, «Көк желек» экологиялык стандарттарын киргизүү, Олимпиадалык даярдоо борборун куруу жана «Teskey Digital Nomad Village» инновациялык аймагын өнүктүрүү сыяктуу долбоорлор камтылган.
Форумдун жыйынтыгында катышуучулар концепциянын стратегиялык багытын колдогон резолюция кабыл алышты. Анда Министрлер Кабинетине долбоорду ишке ашыруу үчүн «Тескей Ысык-Көлдү» өнүктүрүү боюнча атайын дирекция жана Координациялык кеңеш түзүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды.
Уюштуруучулардын белгилешинче, бул концепция Ысык-Көлдүн түштүк жээгин туруктуу туризмдин, инвестициялардын жана инновациялык өнүгүүнүн эл аралык борборлорунун бирине айландырууга багытталган.



