Бүгүн, 28-апрелде Памирден көчүп келип, Алай районунун Талды-Суу айылында жашап жаткан памирлик кыргыздарга паспорт берилди. Аны Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдраимов тапшырды.
1 ай мурда президент Садыр Жапаров памирликтерден кабар алып жатып, паспорт берилишин убада кылган.
«Памирден көчүп келген 44 жаранга ички жарандык паспорт, гуманитардык жардам берилди. Эми ийинки кезекте жаш балдарга күбөлүк берүү маселеси калды. Мындан сырткары жашоо шарттарын да жакшыртып иш менен камсыздоо пландалып жатат», — деди Абдраимов.
Алай райондук жарандык абалдын актыларын каттоо кызматынын башчысы Самарбек Маманов жаш балдарга күбөлүк берүүдөгү тоскоолдуктар
«Мыйзам боюнча алар арыз менен кайрылган болсо, биз арызын карап чыгып, биздин мыйзамыбызга туура келсе күбөлүк беребиз. Негизи бала төрөлгөн жерде медициналык аныктама берилет. Ошонун негизинде биз туулгандыгы тууралуу күбөлүк бере алабыз. Эгер үй шартында төрөлсө, соттун чечими күчүнө киргенде гана күбөлүк берилет. Памирдегилердин баарына «Памири» деген сөз кошулуп калган экен», — деди Маманов.